“Mercedes” биринчи жолу пикап чыгарды

25-Июль 2017, Шейшемби

"Mercedes-Benz" жаңы “X-Class” моделин сунуштады. Бул — автокомпаниянын тарыхындагы алгачкы сериядагы пикап. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

Компаниянын маалыматы боюнча, европада модель 2017-жылдын аягында чыгат. Кийинки 2 жылда “Mercedes-Benz” “X-Class” Аргентина, Түштүк Африка, Бразилия жана Австралияда сатыкка чыгышы кутүлүүддө.

“X-Class” модели “Renault” менен бирге жасалган. Жаңы унаанын базалык модификациясы төрт цилиндрлик 2,3 литр турбодизель менен жабдылган.

“Mercedes X-Class”дын баардык турлөрундө жү көтөргүчү болот. Ал эми сүйрөгөн чынжырдын массасы 3,5 тоннага чейин болоору маалымдалды.

“Mercedes” жеңил модельдеринин коопсуздук системасы пикапка да колдонулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!