Космостогу сырдуу сигналдар

26-Июль 2017, Шаршемби

Ушул жылдын май айында Пуэрто-Рикодогу Аресибо обсерваториясында Жерден 11 жарык жыл алыстыкта жайгашкан кызыл карлик “Росс 128”ден келген сырдуу сигналдар байкалган. Бул тууралуу "fainaidea.com" сайты билдирди.

"SETI" институтунун колдоосу менен маалыматтарга кылдат анализ жүргүзгөндөн кийин, илимпоздор бул сигналдын булагы экиндигин билдиришти. Ооба, бул жашыл адамдарды (НЛО) изилдегендер үчүн жаман кабар.

Аресибо астрономдорунун айтымында, “сигналдар абдан күчтүү, туш-тушка чачыраган тилкелүү жана мезгил-мезгили менен өтө каттуу дисперсиден турган” жана алар таптакыр башкача. Изилдөөчүлөр алгачкы сигналдардын чыгышы тууралуу үч түрдүү түшүндүрмө беришкен: кызыл карликтин өзгөчө активдүүлугү, башка бир фондук объектилердин чыгышы же Жер орбитасы менен спутниктин ортосундагы байланыштан чыккан тоскоолдуктар.

Изилдөөчүлөр “Green Bank” жана “Allen” телескобунун жардамы менен жасалган байкоолордон улам бул сигналдар геостационардык спутниктерден келип чыгышы мүмкүн деген жыйынтыкка келишти. “Росс 128” асман экваторуна жакын жана ошол эле жакта орбитада спутниктер болгон. Алар жыштык диапазонунда иштеп жаткан телескоптун сигналдарын жөнөтүшөн.

Бирок, изилдөөчүлөрдүн бул түшүндурмөсүндө кемчиликтер бар. Анткени күчтүү дисперсия сигналынын жайылышы түшүндүрө алышкан эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!