“Nokia 3310” телефонунун жаңы үлгүсү чыкты

28-02-2017

“Nokia” брендин чыгарып жаткан “HMD Global” компаниясы 26-февралда “Mobile World Congress (MWC 2017)” деген аталыштагы Барселонада өткөн көргөзмөдө “Nokia 3310” телефонунун жаңы үлгүсүн тааныштырды. Бул маалыматты “Snob.ru” сайты жарыялады.

Жаңыланган “Nokia 3310” 2,4-дюймалык түстүү дисплей (мурункусуна салыштырмалуу чоңураак), 2-мегапикселдүү фотокамера жана эки симкалуу болуп жасалган. Телефондун корпусу түрдүү түстөрдө (кызыл, жашыл, сары) чыгарылган. Жаңы телефондо "Змейка” оюунун калтырышкан.

“Nokia 3310” 2,5G стандарты болот, ал 3G жана 4G караганда ылдамдыгы аз деп билдирет “BBC News”. Аппарат S30+ операциялык системанын негизинде иштейт, ал веб-баракчаларды камсыздайт. Бирок Android жана iOS караганда аз колдонмолорду камтыйт. Телефон күтүү режиминде бир ай, ал эми сүйлөшүүдө -22 саат иштейт.

Түзүм 79,6 грамм салмакта болот. “Nokia 3310” баштапкы баасы 49 евро. Ал эми Кыргызстанда качан сатыкка чыгарыла баштайт белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!