“Ford” балдар үчүн бешик ойлоп тапты

“Ford” балдар үчүн бешик ойлоп тапты
18-Апр. 2017, Шейшемби

Ар бир эле жаш ата-эне жашоосунда абдан кыйын нерсе баланы уктатуу болсо керек. Унаа жүрүп бара жатканда көпчүлүгүнүн балдары уктап калаары белгилүү. Бирок, баланы ар бир уктаткан сайын унаага салып үйдү айланып, уктата да албайсын.

“Ford” компаниясынын дизайнерлери бул көйгөйдүү чечүү үчүн өзгөчө ыкма ойлоп табышкан. Алар “Max Motor Dreams” деп аталган заманбап бешик чыгарышкан. Ал унаада бара жаткандай абалды түзүп турат. Биринчиден, андагы жарыктар көчөлөрдөгү шамдардай жарык берсе,экинчиден алдында динамика орнотулуп ал мотордун үчүндөй үн чыгарып турат. Мындан сырткары атайы механизм унаадагыдай жеңил вибрациялуу абалды түзөт.

Ошондой эле бул бешик баланын кайсы абалда тынч уктай тургандыгын эске сактап калып, ошол абалда жакшы жана тынч уктоосун камсыз кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!