Lumos – велосипедге арналган баш кийим

Lumos – велосипедге арналган баш кийим
21-Апр. 2017, Жума

Велосипедге арналган түрдүү өзгөрүүлөрдү киргизүү, жабдыктоо азыркы күнгө чейин ар тараптан өнүгүп келе жатат. Себебин айтпасак да түшүнүктүү. Техника өнүккөн сайын адамдын бир орунда токтоп калуусу мүмкүн эмес. “Lumos” стартап жобосу өзүнүн өзгөчө жаңылыгы менен бөлүшүүдө.

Велосипеддин өзүндөгү жабдылган токтотуу системасы, жолду жарыктандыруучу аппараттарын баш кийимге жабдышкан. Бул биринчиден артта жана алдыда келе жаткан унаа үчүн так көрүнүп турат. Тагыраак айтканда жол кырсыгына кабылуудан сактайт. Баш кийимге жарык берүү системалары орноштурулган.

Ал эми тапшырманы түздөн-түз аткаруу үчүн рулдун эки жагына орноштурулган баскычты басуу керек. Рулдагы баскычты басуу аркылуу башыңыздагы жарыкты күйгүзө аласыз. Мисалы, солго буруу керек болсо сол жактагы баскычты бассаңыз жарык күйөт. Ал эми тормозду баскан убакта баш кийимде кызыл түстөгү жарык күйүп, ишке кошулат. Бул баш кийим жаан жаган учурда да пайдасын тийгизет. Жаан жааган маалда баш кийимге суу тийген кезде андагы суу өткөзбөөчү система иштеп баштайт. Бул баш кийим кадимки USB порталы аркылуу 2,5 саат ичинде кубаттандырылат. Кубат алгандан кийин ал 3-4 күн бою иштеп турат. Аталган баш кийим бир нече сыйлыкка да татыды. “Kickstarter” компаниясы баш кийимдин базарда сатылуусуна жардам берген. Бүгүнкү күнгө чейин 125 миң доллар пайда тапкан. Ал эми баш кийимдин баасы 170 доллар турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!