Акча талап кылган эки жаран кармалды

24-Март 2017, Жума

Чүй облусунда каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-март күнү Чүй районунун аймагында белгисиз эки адам таксистке кайрылып, белгиленген жерге жеткирип коюшун өтүнүшкөн. Жүргүнчүлөр жолдо баратып таксистти тапанча менен коркутуп, акча талап кылышкан. Бирок, эч кандай баалуу нерсе таппаган соң унаадан түшүп из жашырып кетишкен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 32 жаштагы С.А. жана 34 жаштагы М.М. аттуу жарандар кармалган.

Азыркы тапта алар убактылуу кармоочу жайда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!