Оторбаев Текебаевдин абалы менен таанышып чыкты

24-Март 2017, Жума

Бүгүн, 24-мартта КРнын Омбудсмени Кубат Оторбаев УКМКны тергөө изоляторунда (ТИЗО) кармалып турган Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөн Чотонов кармалып турган камералардын шарты менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кубат Оторбаев Өмүрбек Текебаев менен ал отурган камерада маектешти.

“Өмүрбек Текебаев башкы укук коргоочуга аны кармоо шарты боюнча доомат-даты жоктугун, тамак-аш, медициналык кароо менен камсыздалып жатканын, күн сайын таза абага чыгып, сейилдээрин билдирди. Башкы социалисттин камерасында муздаткыч, электр чайнек, жууркан-төшөгү, китептери жана тамак-аш ысыта турган электр меши бар. Текебаевдин айтымында, ага адвокаты келип-кетип жатат, учурда болсо тергөө иштери жүрүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Андан кийин Кубат Оторбаев Дүйшөн Чотонов менен жолукту, ал дагы кармоо шарты боюнча эч кандай доомат-арызы жоктугун билдирди.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов эки башка камерада кармалышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!