Көчкү алдында калган эки наристенин сөөгү табылды

30-Март 2017, Бейшемби

Кечээ, 30-мартта түштөн кийин Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында болгон жер көчкү алдында калган үй-бүлө мүчөлөрүн издөө иши кайра жанданып эки наристенин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

26-марттын таңында болгон жер көчкү бир үй-бүлөнү басып калган. Кырсык болгон жерде жердин жылуусу байма-бай кайталанып жаткандыктан, буга чейин маркумдардын жасатын издөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Үй-ээси Өмүрзак Эгемкулов 29 жашта, жубайы 28 жашта экени, төрт баласы бар экени, балдарынын улуусу алты, кенжеси эки жашта болгону маалым болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган аймакты кооптуу жер катары 1994-жылдары аныктаган.

"Көчкү алдында калган Өмүрзак Эгемкуловдун атасы Амиракул Эгемкулов кырсык болгон аймактан 1996-жылы жер көчкү коркунучу бар аймактан башка жерге көчүрүүлүгө тийиш үй-бүлөлөрдүн тизмесине киргизилип, ссуда алып үйүн бузуп Ничке-Сай суусунун оң жээгине турак үй салып көчүп чыгып кеткен. 2010-жылы каза болгон Өмүрзак Эгемкулов атасынын эски үйүнүн ордуна 2 бөлмөлүү үй куруп жашап жаткан",-деп билдиришти ӨКМден.

Кырсык болгондон кийин аталган айылдагы жер көчкү коркунучу бар аймакта жашап жаткан 34 үй-бүлө куткаруучулар тарабынан атайын тигилген чатырларда жашап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!