Жээнбеков “Ак-Кула” ат майданынын абалы менен таанышты

30-Март 2017, Бейшемби

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданынын абалы менен таанышты.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, ат майдандын абалы менен таанышып чыккан соң Жээнбеков аны оңдоого убакыт келгенин айтып, акыркы убактарда калк арасында ат оюндарына кызыккандардын саны арбын болуп жатканын кошумчалады.

«Бул оюндар Кыргызстанда өткөн көчмөр оюндарында негизги программага киргизилип, сырттан келген мамлекеттердин көңүлүн бурду. Акыркы жолу Нооруз майрамына карата уюштурулган улуттук оюндун бул түрүнө кызыккандардын саны көп болгонун көрдүк. Ат майдандын айрым инфраструктуралык объекттери коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Бул жердеги көйгөйлөрдү анын ичинде көрүүчүлөргө ылайыктуу шарт түзүү боюнча маселелерди ыкчам аралыкта чечүү керек», – деди премьер-министр.

Өкмөт башчы Дене-тарбия спорт жана жаштар иштери боюнча Мамлекеттик комитетине бул жердеги мүлктүн хронологиясын иликтеп чыгып, «Ак-Кула» ат майданынын айланасындагы териштирүү иштерин карап, ат майданды модернизациялоо тууралуу сунуш киргизүүнү тапшырды.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Султан Өмүровдун маалыматында, «Ак-Кула» ат майданы бүгүнкү күндө муниципалдык менчик объект болуп эсептелет.

«Өкмөттүн токтомуна ылайык, аталган комплекс Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүлүп берилген. Андан соң аталган жайды акционерлештирүү болгон. 2013-жылы аны менчиктештирүү процесси сот тарабынан жокко чыгарылгандыктан, азыркы тапта ипподром муниципалдык менчик объект болуп саналат», – деди Өмүров.

Ошондой эле ал учурда объект менен соттук териштирүүлөр болушу ыктымал экендигин кошумчалады.

Ат майдандын жалпы аянты 57,4 гектар. 3000 көрүүчүгө ылайыкталган. Ипподромдун аймагында административдик имарат, спорттук ат оюндарын өткөрүүчү талаа, жатакана, аткана, кампалар жана жашабай турган турган бөлмөлөр бар.

Эскерте кетсек, 21-мартта Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү оюнун көрүү үчүн баргандар орун жоктугунан улам желек илинген мамы, бактарга чейин чыгып кеткени коомчулукта катуу сынга алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!