Япония кар көчкүнүн алдын алууга жардам берет

30-Март 2017, Бейшемби

Япония өкмөтү Ош-Бишкек жолундагы кар көчкүнүн алдын алуу боюнча гранттык жардам берет.

Бул тууралуу Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Япониянын мамлекеттик Тышкы иштер министри Нобуо Киши менен жолугушуу учурунда маалым болгонун аталган министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Ага ылайык, ТИМ башчысы Абдылдаевдин Япония өлкөсүнө жасаган расмий иш сапарында жалпы суммасы 47 миллион долларлык эки документке кол коюлмакчы. Биринчиси, Ош-Бишкек унаа жолундагы кар көчкүнү алдын алууга багытталса, экинчиси — мурда берилген япон техникасын тейлөөгө сарпталат.

Кыргызстандын түндүк жана түштүк чөлкөмүн бириктирип турган Ош-Бишкек жолу стратегиялык мааниси чоң жол. Кыш мезгилинде кар көчкү түшүү коркунучу көп катталат. Өткөн аптада аталган жолдогу кар көчкүнү тазалап жүргөн төрт жолчуну көчкү басып, каза тапкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!