Кадамжай: дагы төрт аскерге операция жасалат

30-Март 2017, Бейшемби

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев 27-марттагы Кадамжай шаарынын кире беришинде унаа кырсыгынан жабыркаган аскерлердин абалынан кабар алды.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Диля Парпиева билдирди.

Учурда алар Кадамжай аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Окуя 27-март кечке жуук болуп, аскерлерди машыгуу үчүн алып бараткан унаа жол боюндагы турак үйдү сүзүп токтогон. 29 аскер ооруканага жеткирилип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 7 аскер оор абалда болсо, 1 аскерге операция жасалган. Жакынкы күндө дагы 4 аскерге операция жасалмакчы. Жеңил жаракат алган 14 аскер Ош шаарындагы аскердик госпиталга которулган. 29-март күнү дагы 6 аскер Ошко которулган.

Облус жетекчиси Абиш Халмурзаев жабыр таркан үйдүн ээлери менен жолугуп, окуя толук териштирилгенден кийин кенемте төлөө маселесин чечип берүүнү убадалады. Ошондой эле жергиликтүү бийликке тез арада турак үйдү тосуу иштерин бүткөрүүнү тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!