Түрк авиакомпаниясы атайын эсепке каражат которду

31-Март 2017, Жума

16-январдагы авиакырсыкта жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке Түркиянын «ACT Airlines» авиакомпаниясы 600 миң доллар которду.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев аталган компаниянын өкүлдөрү менен жолугушууда белгилүү болгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Түрк авиакомпаниясы тарабынан которулган каражат, буга чейин өкмөттүк комиссия тарабынан эсептелип берилген 195 млн. сом жалпы чыгымдардын суммасынын бир бөлүгү болуп саналат. Каражаттын биринчи бөлүгүнүн атайын эсепке түшүшү, түрк тараптын тиешелүү төлөмдөрдү төлөп бере тургандыгынын далили катары эсептелет», – деди Абулгазиев.

Ошондой эле ал түрк тарабынын суралган каражат толук түрдө эсепке түшкөндөн кийин, эки тараптан эсеп-кысабы такталган соң, жабыркагандарга төлөнүп берилерин белгиледи.

«Биз соттук териштирүүсүз эле эл аралык нормага ылайык компенсация алууну көздөп жатабыз. Эгерде жабыркагандардын туугандарын түрктөр тарабынан берилген сумма толук канааттандырса, анда маселе соттук териштирүүсүз чечилет», – деп кошумчалады Абулгазиев.

Жыйында тараптар каза болгондордун туугандарына жана денесинен ар кандай жаракат алган жарандарга компенсация төлөө, авиакырсыктан ар кандай чыгым тарткан жарандардын мүлкүн толуктап берүү маселелерин талкуулашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!