​Кызыл Жарым Ай коомуна 154 жыл

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 8-май эл аралык Кызыл Жарым Ай жана Кызыл Крест күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү 1828-жылы туулган швейцариялык гуманист Анри Дюнан тарабынан 1863-жылы Кызыл Жарым Ай жана Кызыл крест негизделген.

Анри Дюнан согушта жаракат алгандарга жардам берүү демилгесин көтөрүп, айланасына бир канча ыктыярдуу адамдар тобун топтой алган.

Кыргызстанда Кызыл Жарым Ай коому 1926-жылдан тартып калкка социалдык, гуманитардык жардамдарды көрсөтүп келет.

“Бүгүнкү күндө Кызыл Жарым Ай коому Кыргызстанды саламаттыкты сактоо, социалдык жана өзгөчө кырдаалдар учурунда калкка кайрымдуулук иштерди жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө коомдо 2 миңден ашуун ыктыярчылар эмгектенет”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!