КМШнын ИИМ кеңешинин отуруму өтүп жатат

28-Июнь 2017, Шаршемби

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында КМШ мамлекеттеринин Ички иштер министрлигинин кезектеги жыйынына Кыргызстандын Ички иштер министри Улан Исраилов катышууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, КМШ мамлекеттеринин ИИМдин Кеңешинин отурумунда негизги КМШга кирген мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуудагы маселелерди жана мамлекеттер ортосундагы кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча программаларды ишке ашырууну талкуулоодо.

2019-2023-жылдар ичиндеги кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программада чектеш болгон жерлерде кылмыштуулуктун бардык түрлөрүнө каршы туруу, баңги каражаттарын, перекурсор менен психотороптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, адамдарды сатуу жана мыйзамсыз чек арадан өтүү, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө болгон кылмыштуулук менен күрөшүүнү өзүнө бириктирген долбоорду ишке ашырууну көздөшүүдө.

Андан сырткары, катышуучулар кызматташтык өлкөлөрүнун аймагында ишмердүүлүгүнө уруксат берилбеген экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү уюмдардын тизмесин негиздөө, маалыматтык топтомду түзүү терроризмдин коркутуулары менен уюмдардын кылмыштуу ишмердүүлүгүн алдын алуу аркылуу бүткүл дүйнөлүк тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туудуруучу көрүнүштөрдүгө каршы турууга натыйжа берүүчү суроолорду талкуулоодо. Отурумдун жыйынтыгында көп тармактык кызматташууну бекемдөө максатында министрликтер аралык документтерге кол коюшат.

Айта кетсек, Азербайджандын ИИМи Усубов Рамиль Идрис Оглу, Беларусь Республикасынын ИИМи Шуневич Игорь Анатольевич, Казахстан Республикасынын ИИМи Касымов Калмуханбет Нурмуханбетович, Кыргызстандын ИИМи Исраилов Улан Жумабекович, Россия Федерациясынын ИИМи Колокольцев Владимир Александрович, Өзбекистан Республикасынын ИИМи Азизов Абдусалом Абдумавлянович, КМШ аймагында Коркунучтуу кылмыштын түрлөрү жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү кординациялык бюросунун директору Коновалов Олег Фёдорович, Молдова Республикасынын ИИМдин орун басары Бабин Олег Николаевич, Армения Республикасынын полициясынын башчысынын орун басары Егиазарян Вардан Вольфикович, КМШнын Аткаруучу комитетинин төрөгасынын орун басары Жусупбеков Конысбек Аргынгазинович Тажикстан Республикасында өтө турган КМШнын мамлекеттери-катышуучуларынын ИИМдин Кеңешинин катардагы отурумуна катышууга келишкенин белгилеп кетүү керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!