Мэрия мыйзамсыз павильондорду алууда

6-Июль 2017, Бейшемби

Бишкек шаарыны мэриясы калаадагы мыйзамсыз орнотулган объектилерди алууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Тазалык» муниципалдык кызматы, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте мыйзамсыз орнотулган объектилерди алууда.

Ден Сяопин проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде 4 павильон тийиштүү уруксат докмуенттери жок болгондуктан алынды.

Мындан тышкары Жибек Жолу проспектисинен Лермонтов көчөсүнө чейин жарнамалык тактайчалар тазаланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!