​Үмүт менен караган карышкыр (фоторепортаж)

25-Июль 2017, Шейшемби

Ысык-Көл облусундагы Каракол зоопаркы 1987-жылы Совет мезгилинде түзүлгөн. Бирок зоопарктагы жаныбарлардын жакшы жашоосу СССР менен бирге кулап, эл кыйналган учурда токтоп калган. Андан соң зоопаркты 2002-жылдан баштап Германиянын жаратылышты коргоо союзу толук түрдө каржылап келген, бирок алар да эки жылдан бери зоопаркка колдоо көрсөтүүсүн токтоткон. Зоопаркты азыркы тапта мамлекетке карабайт. Ага карабастан зоопарктын жетекчилиги ар кандай коомдук фонддордун көмөгү менен жаныбарларды тамак-аш менен камсыздап келет.

Зоопарктын тышкы көрүнүшү. Аталышы расмий тилде жазылганын көрүүгө болот

Көрүүчүлөргө эскертүүлөр илинген тактайча

Зоопаркта жаныбарлардын жана канаттуулардын 34 түрү, жалпыcынан 138 жаныбар жашайт

Тосмого жакындасаң жаныбарлар үмүттүү көздөрү менен караганын байкайсың. Бирок зоопаркта тамак-аш берүүгө тыюу салынган

Жапон маймылы

Сүлөөсүн

Сүлөөсүндүн ургаачысы. Уктап жаткандыгына байланыштуу жүзүнөн тартууга мүмкүн болгон жок

Арстанга кызыгуу менен таңыркаган балдар.

Зоопарктын так ортосунда үч ак куу сүзүп жүрөт. Бирок суу жумалап алмаштырбаганы байкалып турат.

Зоопарктын кызматкеринин айтымында, көрүүчүлөрдүн кээ бирлери жандыктарды таштар менен ургулап, чыбыктар менен сайгылайт. Туш келди тамак ыргытып, жаныбарларды кыйнаган учурлар көп болот.

Карышкырлар

Жергиликтүү тургундар кирүү акысын төлөбөй, зоопарктын кызматкерлери менен кайым айтышкан учурлар дагы кездешет экен.

Карышкырдын эки түрү бар. Бул карышкыр адамга көнүп калганбы жанына барганыбызда бизди жалооруп тиктеп турду.

Төө. Ар бир жаныбардын тамагына аяр мамиле жасалат. Мисалы аюу, сүлөөсүн, карышкыр сыяктуу жырткыч жаныбарлар күнүнө 3-5 килограмм эт жешет.

Пржевальск жылкылары

Тянь-Шань аюусу

Ар бир жаныбардын өзгөчө кулк мүнөзү, тамакка болгон табити ар башка.

Иттин түрлөрү

Каман

Зоопаркка кирүү акысы чоңдорго 70 сом, балдарга 50 сомдон турат.

Зоопаркка жапайы жаныбарлар түрдүү жолдор менен келип түшөт. Кээ бирлери аңчылыкта, жергиликтүү эл тарабынан табылса, башкалары кошуна мамлекеттердеги зоопарктардан алмашуу жолу менен алынып келинет.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!