Суу ташкындап, үйлөрдү каптап кетти

25-Июль 2017, Шейшемби

Ош шаарында каналдан суу ашып үйлөрдүн короолоруна кирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 24-июлда саат 04:00 чамасында Ош-Сары-Таш унаа жолунун болжол менен 5,6-чакырымында Ленинбак айылынын жогору тарабынан агып өткөн "Южный” каналынан суу ашып, Озгур айылында 1 турак-жайдын короосуна жана Жибек-Жолу участкасында турак-жайлардын короолоруна кирген.

Аталган аймакка шаардык Жарандык коргоо комиссиясы, ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси, Ош шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу жана 15 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар кээ бир суу кирген турак-жайлардын короолорун тазалап беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!