Түгөйлөр вертолётту канча сомго жалдашкан

4-Авг. 2017, Жума

Шымкенттик жаш жубайлар той күнүн тик учак аркылуу өткөрүүнү каалагандыктан алар тик учакты 550 миң теңгеге (110 000 сом) жалдаган. Бул тууралуу казакстандык жалпымага маалымдоо каражаттары жазышты.

Бир саат бою кызмат көрсөткөн тик учак жеке менчик мунайгаз компаниясына таандык болуп чыкты.

Компанияын авиация департаментинин жетекчиси Куаныш Мусаевдин айтымында, соңку кездери каржынын тартыштыгынан улам коммерциялык кызмат көрсөтүү үчүн жаш жубайлардын тоюнда чыгышкан.

Эске салсак, кечээ, 2-августта соцтүйүндө жаш жубайлардын кортежинде тик учак жана бир нече Bentley, Lexus жана Land Cruiser үлгүсүндөгү кымбат унаалар коштоп кеткени туурасында тасма тарап, соцтүйүндүн колдонуучуларынын талкуусуна түшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!