Көл жээгине унаа токтоткондор жазаланат

10-Авг. 2017, Бейшемби

Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан Ысык-Көл облусундагы эс алуучу жайлардын жээктерине унаалардын кирип кетүүсүн алдын алуу боюнча текшерүү иштери өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматы билдирет.

"Инспекторлор көлдүн жээгине кирип кеткен унааларды чыгарып, ээлерине суунун жээгинен белгилүү аралыкта токтотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүп келүүдө. Ал эми инспекторлордун мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген айрым жарандарга акты, протоколдор толтурулду. Инспекторлордун текшерүүдөгү максаты унааларды көлдүн жээгине 100 метр аралыкта алыс токтотуу керек",-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, мыйзамга ылайык көлдүн жээктери 100 метр аралыкка чейин экологиялык коргоого алынган аймак болуп саналат. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекция эскертет: Көл жээгине барып эс алгандар унаасын 100 метр аралыкта жайгаштырып, үй жаныбарларын көлгө киринтүүгө уруксаат жок. Андыктан экологияны коргоо барыбыздын жарандык милдетибиз экенин унутпайлы!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!