"Бир күндө миллион көчөт отургузуу" иш-чарасы өтөт

12-Сен. 2017, Шейшемби, 12:38

Кыргызстанда кийинки жылдан тарта жаз мезгилине чейин бир күндө бир миллион көчөт отургузулат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары дүйнөдө климаттык өзгөрүү жүрүп жаткандыктан өлкө аймагында токойдун аянтын көбөйтүү үчүн бир күндө бир миллион көчөт отургузуу боюнча иш-чара уюштурулат.

“Иш-чарага бардык жарандарды чакырам. Ар бирибиздин мекенчил сезимибиз ойгонуп, өлкөгө өз салымыбызды кошууга, көчөт отургузууга активдүү катышууга үндөйм. Азыр жер жүзүндү климаттык өзгөрүү жүрүп жатат. Бул токойдун азайып кеткенинин кесепети. Экинчи жагы адамдын таасири. Кыргызстан эң кооз жана таза өлкө. Биздикиндей токойлор, суулар, тоолор башка жерде жок. Мындан улам жылдан-жылга туристтердин саны көбөйүүдө”,-деди Рустамов.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 17-сентябрда кыргыз токой чарбасынын түзүлгөнүнүн 70 жылдыгы белгиленет. Кыргызстандын аймагынын 5,6 пайызын токой түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!