17 жаштагы кызды сүзүп, тебелеп кеткен (видео)

17 жаштагы кызды сүзүп, тебелеп кеткен (видео)
16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 10:00

Бишкек шаарынын Чүй проспектиси жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде кызды автоунаа сүзүп кеткен кырсык видеого түшүп калган.

Бул адам өмүрүн алган кырсык таңкы саат бештерге жакын болгон. 17 жаштагы кыз алган жаратынан улам жеринде каза болгон.


Видеодон байкагандай, 2 мүнөт 43 секундда кара түстөгү “Toyota camry” үлгүсүндөгү автоунаа жолдон өтүп бара жаткан кызды болжол менен 10-15 метрге чейин учура сүзгөн.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакыртылып, тилекке каршы кыздын өмүрүн сактап кала алган эмес.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Наркологиялык экспертиза айдоочу мас абалында экенин тастыктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!