​“Мурас-Ордодо” жаңы мектептин пайдубалы түптөлдү

21-Сен. 2017, Бейшемби, 16:35

Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы “Мурас-Ордо” конушунда жаңы мектепке капсула салынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, капсула салуу иш-чарасына район башчысы Аскербек Алиев, Бишкек шаарынын депутаты Мийзамидин Калыков жана “Мурас-Ордо” конушунун тургундары катышты.

Жаңы курулуп жаткан мектеп 660 окуучуга ылайыкташкан. Мектептин жалпы аянты 5 гектарды түзөт. Ага мамлекеттик бюджеттен 12 млн. 285 миң сом бөлүнгөн.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!