​"Балыкчы-Кербен" базары талаптарга жооп бербейт

22-Сен. 2017, Жума, 11:01

"Балыкчы-Кербен" базары өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу факты Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары боюнча аймактык башкармалыгынын текшерүүсүндө аныкталды.

Экотехинспекциядан билдиришкендей, аталган базарда унаа өтүүчү жол тосулуп калган. Ошондой эле унаа өтүүчү жолго 50 соода күркөсү мыйзамсыз орнотулган. Кокус өрт кырсыгы катталып кетсе, өрттү өчүрүүчү унаага өтүү мүмкүн болбой калган.

Инспекторлордун айтымында, мындай жоопкерчиликсиз кыймыл аракет кооптуу абал жаралганда бир гана материалдык чыгымга эмес, адамдардын өмүрүнө коркунуч алып келиши мүмкүн. Текшерүүнүн негизинде инспекторлор Балыкчы базарынын жетекчилигине тез арада башаламандыкты ирээтке келтирүү тапшырмасын койду. Жооптуу тарап бир ай мөөнөт аралыгында базарлардын ичиндеги унаа өтүүчү жолдорду ирээтке келтириши керек. Ошондой эле, бир нече мыйзам бузуулардын негизинде административдик айып салынды.

Эске сала кетсек, Мамэкотехинспекция тарабынан республика боюнча кичи жана ири базараларды ирээттеп, техникалык талаптарга дал келтирүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүлүп жатат. Өз кезегинде инсекциянын өрт коопсуздук башкармалыгы баардык ишкерлерге техникалык коопсуздук талаптарын сактоого чакырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!