Кувейттик дарыгерлер акысыз операция жасоодо

25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 10:15

Кечээ, 24-сентябрь күнү Кувейттен келген дарыгерлер алгачкы күндөн тартып бейтаптарга акысыз операция жасап жатат. Бул тууралуу "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фонду билдирди.

Маалыматка ылайык дарыгерлер, көз, жаак сөөктөрү, урологиялык, пластикалык ж.б. аркандай татаал жагдайдагы оорлууларга тиешелүү операцияларды жасашууда.

32 кишиден турган делегация менен кошо кыргыз дарыгерлери да биргеликте иш алып барышууда. Кувейттен келген дарыгерлер АКШ, Канадада билим алып, эмгектенип тажрыйба топтогон дасыккан адистер.

Мындай кайрымдуу медициналык кербенди “Ассанабил” фонду атайын Кувейт мамлекетинде жайгашкан “Абдулла Нури” кайрымдуулук мекемеси менен биргеликте ишке ашырууда.

“Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Саид Баюминин айтымында фонд акыркы жылдары медицина тармагына олуттуу көңүл бура баштаган. Быйылкы жыл эсебинен 7 медициналык клиника курулуп элге пайдаланууга берилди.

"Ушул дарыгерлерге жолугуп, алардын акысы дарыларын алуу үчүн Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна кайрылсаңыздар болот"-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!