Тарыхты эскерүү күнүн белгилөө ЖКдан колдоо тапты

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:04

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеӊештин депутаттары 7-8-ноябрь күндөрүн "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү" катары белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, аталган документ аркылуу майрам күндөрүнө байланыштуу мурда кабыл алынган бир катар токтомдор жокко чыгарылат.

Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрь күндөрүн “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” катары жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул датаны белгилөө үчүн тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу парламентке жолдонгон.

Буга чейин өкмөт 6-7-ноябрь күндөрүн эс алуу күндөрү катары белгилөө тууралуу токтомго кол койгон болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!