Гүлсайра Момунованын 80 жылдык мааракеси

5-Янв. 2018, Жума, 10:46

Бүгүн, 5-январында саат 17:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунованын 80 жылдык салтанаттуу мааракесине арналган иш-чара болуп өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Гүлсайра Момунованын 30дан ашуун ырларына обондор жазылып, эл арасында ырдалып жүргөнү көпчүлүккө маалым.

Аталган иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, акын-жазуучулар, чыгармачыл интеллигенция, акындын чыгармачылыгын баалаган окурмандары, күйөрмандары катышышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!