10-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
11-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз жаан-чачын жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
12-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.
13-ноябрда жана 14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 14-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.