Көмөкчордондордун кубаттуулугу жогорулатылды

10-Ноя. 2017, Жума, 12:14

“Түндүк электр” ачык акционердик коому энергия объектилерди кыш мезгилине даярдоо иштерин соңуна чыгарды.

Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, суук мезгилде керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергия менен камсыздоо үчүн энергетиктер күч трансформаторлорду кубаттуурагына алмаштыруу иш-чараларын жүргүзүп, жүктөмдөрдү бөлүштүрүүдө.

Ноябрь айынын башында Чүй облусунун Токмок шаарындагы 35 кВ “Достук” жана Аламүдүн районундагы “Төмөнкү Ала-Арча” көмөк чордондорунун кубаттары аз күч трансформаторлорунун кубаттуурагына алмаштыруу иштери соңуна чыкты.

Жыйынтыгында 6 300 киловольт-ампер (кВА) болгон күч трансформаторун 10 000 кВАга алмаштыруу менен “Достук”көмөкчордонунун кубаттуулугу 3 700 кВАга жогорулады.

“Төмөнкү Ала-Арча” көмөкчордонундагы аз кубаттулуктагы (4 000 кВА) күч трансформатордун ордуна“Достук”көмөкчордонунан демонтаждалган (6 300 кВА) трансформаторду орнотуу, жогорку вольттогу көмөкчордондун кубаттуулугун 2 300 кВАга жогорулашына алып келди.

Башка мекемелерди ортого салбастан “Түндүк электр” ААКнын адистери жабдууларды монтаждоону, орнотууну өздөрү жасоодо. Ишке жогорку чыңалуу кызматынын, релелик коргоо жана автоматика өндүрүштүк кызматынын инженерлери тартылган. Монтаждоо-орнотуу иштери аяктаган соң, өлчөө, чыңалуудан коргоо жана сыноо өндүрүштүк кызматынын адистери жаңы күч трансформаторду сыноодон өткөрүштү.

Быйылкы оңдоо иш-чараларынын чегинде ушундай эле каскад жолу менен Бишкек шаарындагы “Издательство”, «Тунгуч», Чүй облусунун Новопокровка айылындагы «Бектемир» жогорку вольттогу көмөкчордондорунун кубаттуулуктары жогорулатылган. Жыйынтыкта, күч трансформаторлорду алмаштыруунун негизинде “Түндүк электр”ААКнын Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы беш жогорку вольттогу көмөкчордондорунун кубаттуулуктары 18 миң кВА жогорулаган.

Айта кетчү нерсе, акыркы эки жылдын ичинде Бишкек шаарындагы жана Чүй, Талас облустарындагы 35/10 кВ жогорку вольттогу көмөкчордондорунун кубаттуулуктары күч трансформаторлорду алмаштыруунун негизинде 73,5 мегавольт-амперге жогорулаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!