Эртең ара төрөлгөн балдардын күнү белгиленет

16-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:04

Эртең, 17-ноябрда Бишкекте ара төрөлгөн балдардын күнү белгиленет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул датага карата иш-чара уюштурулуп, ага ара төрөлгөн балдардын ата-энелери катышат.

Анда ара төрөлгөн балдарга кам көрүү жана бул жааттагы технологиялык жетишкендиктер тууралуу маалымат берилет.

Расмий маалымат боюнча быйылкы жылы Кыргызстанда 160 миң ымыркай жарык дүйнөгө келген болсо, алардын 7-8 пайызын айына жетпей төрөлгөндөр түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!