​Төө-Ашууда эки унаа сүзүштү

16-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:39

Бишкек-Ош жолунда эки унаа сүзүшүп, бирөө жолдон чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Чүй облусунун патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-ноябрда болжол менен саат 18:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 123-чакырымында, Төө-Ашуунун аймагында “Лексус LX470” жана “Тойота Авенсис” унаалары кагылышкан. Анын натыйжасында жол тандабас жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктан улам “Лексус” унаасынын жүргүнчүсү Кытайдын жараны жеңил жаракат алып, ооруканага жатуудан баш тарткан. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү жабыркаган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!