​Көзөмөлсүз жүргөн өспүрүмдөр текшерилди

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:46

Бишкек шаарынын аймагында "Камкордук" аталышындагы рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган иш- чаранын жүрүшүндө компьютердик клубдар, ресторандар, түнкү клубдар, базарлар, бекеттер, чатырлар текшерилген. Себеби, жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын алдын алуу үчүн Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

“Иш-чаранын жыйынтыгында жаш өспүрүмдөр тарабынан кылынган 1 кылмыштын бети ачылган. Туруктуу жашаган жери жок жаш өспүрүмдөр текшерилип 219 өспүрүм аныкталып, анын ичинен коомдук борборго - 1 бала өткөрүлдү. Ошондой эле ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн каттоосуна 23 жаш өспүрүм алынды. Андан сырткары ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер арасындагы укук бузууларды алдын алуу боюнча борборуна 42 бала өткөрүлдү. Бардыгы болуп аныкталгандардын ичине: Көзөмөлсүз жүргөн жаш өспүрүмдөрдөн 42 бала, кароосуз калган 4 жаш өспүрүм, 3 бала турмуштук оор жагдайда катталды”,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, жогорудагы аталган иш-чарага 242 милиция кызматкери, 57 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!