Таласка жаңы өкүл дайындалды

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:05

Марат Мураталиев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мурдагы өкүл Даир Кенекеев вице-премьер-министр болуп дайылдалып, облус башчысынын орду дээрлик эки айга жакын бош турган.

Мураталиев буга чейин Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!