Жол кырсыгынан 2 жаштагы наристе каза тапты

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:56

Кочкор районунда катталган жол кырсыктан 6 адам жаракат алып, бир наристе каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-декабрь күнү саат 21:49 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 215-чакырымынын Шопур-Булак тилкесинде «Хонда C-RV» менен «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы кагышкан. Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришип, алар Кочкор райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Каза болгон жана жабыркагандардын тизмеси:

1. Айдоочу - 1979-ж.т. А. М.;

2. 1990-ж.т. Т. М.;

3. 2013-ж.т. Б. Э.;

4. 2017-ж.т. Б. А. (каза болгон).

Мерседес-Спринтер унаасында болгон адамдар:

1. Айдоочу-1984-ж.т. А. М.:

2. 1980-ж.т. С. Н.;

3. 1984-ж.т. Т. Е.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!