Чубак ажы Жалилов расмий билдирүү таратты

5-Дек. 2017, Шейшемби, 15:24

Уламалар кеңешинин мүчөсү, аалым Чубак ажы Жалилов соцтүйүндөгү баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

"Бисмиллаахир рохмаанир рохиим

Урматтуу мекендештер!!!

Мен Чубак Жалилов, мени коргоо максатында уюштурулуп жаткан митингге эч кандай тиешем жок. Бул сыяктуу элди дүрбөткөн, чагымчыл аракеттерди мен колдобоймун жана чын жүрөгүмдөн жектеймин. Бардык маселелер укук талаасында чечилүүсүн туура деп эсептеймин.

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Ызы-чуу, фитналар болгон учурда, олтуруу туруп туруудан жакшы. Туруп туруу баскандан жакшы, ал эми басуу жүгүргөндөн жакшы. Ким бул ызы-чууга жүз алса, ызы-чуу, фитна ага беттенет! Ушундай кыйын кезеңдерде ким кача турган, же сактана турган жер тапса, анда, ошол ызы-чуу, фитнадан алыс качсын, ага жолобосун!” Бухарий 7081, Муслим2886 риваяты.

Ардактуу журтташтар! Ар бир айтылган, же жазылган сөз чындыкка коошо бербейт. Көркөм шариатыбызда айтуучуга, маалымат чыккан булакка өтө терең маани берилет. Ишеничтүү кеп болсо угуп, тескерисинче болгон убакта, кулактын сыртынан кетирилет.

Аллах Таала ыйык Куранда айтат: “Оо ыймандуулар! Эгер дини тайыз (фаасык) адам кабар айтса, аныктап-тактап көргүлө! Башка бир коомго (же адамга) кайгы (мусийбат) жеткизип коюп, (анын кесепетинен, дүнүйө-акыретте) өкүнүп калуучулардан болбогула!” Хужураат сүрөөсү 6.

Эртең эч кандай митинг болбойт! Аты-жөнү белгисиз болгон адамдардын тилине кирип, күнөөкөр болуп калуудан сактаналы! Ар бирибиз ушул маалыматтарды башкаларга жеткирүүгө аракет кылалы.

Мен ММКлар менен тыгыз иштешкен жаран катарында өзүм жөнүндө маалыматты бардык убакта эркин бере алам. Чылпакты аарчыйм деп көздү соолутуп албагыла!.

Кадырлуу мусулман калайык!!!

Менин үстүмдөн жазылган арыздын негизинде, атайын тараптар мени менен аңгемелешүү өткөргөндүгү чындык. Бирок, ал жерде менин, же менин үй-бүлөмдүн ар намысына доо кетире турган туура эмес аракеттер болгон жок. Урмат-сыйдын, адамкерчиликтин жана мыйзамдын негизинде гана болгондугун баса белгилегим келет. Ал жерде узак сааттар бою, суу ичпестен кармап олтурушту деген кеп чындыкка коошпойт.

Берилген маалыматтардын каалаган жерин алып, каалаган жерин кесип салып, журтчулукка жарыялоо адамгерчиликке сыйбайт.

Кылмыш жаза кодексинин, 153-статьясында кош аялдуулук боюнча айтылган “эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаган учур” менин жашоомдо орун албагандыктан, бул мыйзам аркылуу мен күнөөкөр эмес экенимди дагы да дааналап билдим. Мыйзамдын тили менен айтканда эки же андан ашык аялдар бир үйдө чогуу жашашса, же чогуу чарба жүрүзүшсө, же чогуу оокат күтүшсө гана көп аялдуулук деп саналат экен. Чогуу жашаган күндө да, эки аялдын бири арыз жазганда ага маани берилет экен. Же экинчи аялга ЗАГСтан нике кагазын алганда эсептелет экен. Андай болбогон учурда мыйзам тилинде экинчи аял деп айтылбастан, башка терминди колдонушат экен. Аны айтуу бир аз ыңгайсыздыкка дуушар кылат.

Таланттуу сүрөтчү, залкар актер жана эң мыкты эркек, өз жүзү аркылуу бүтүндөй кыргыздын жүзүн көрсөткөн улуу инсан Сүймөнкүл Чокморов агабыздын да расмий каттоодо турбаса да, 17 жыл бирге жашаган Нуржан Кожомкулова эжебизден Эргул менен Азамат аттуу уулу болсо, расмий байбичеси Салима эжекебизден Бактыгул уулунун бар экендигин билебиз. Нуржан эжекебизди “мыйзам” аялы деп тааныбаса да, Кудай алдында алардын жүзү жарык. http://kmb3.kloop.asia/2011/05/13/s-jm-nkuldun-kos... Эч бир күнөө иш кылышкан жок деп терең ишенемин.

Балдарымдын энеси, менин сүйүктүү жубайым, расмий түрдө мыйзам менин жубайым деп тааныган Гүлнур айымдын ден соолугу жакшы, интернет булактарындагы “ал кишинин ооруп, ооруканага түшүп калган” деген кеп чындыкка туура келбейт.

Менин жашоомдо эң зор мааниге ээ болгон үч аял бар. Алгачкысы, менин чоң энем Уруяткан. Алгач келиме айтканды үйрөтүп, Кудайды таанытып, тамга тааныгандан баштап “Манас” окуттуруп угуп, дүйнө таанымымды “Манас” менен оозанткан, кыргыз нарк насилин өзүнүн жомоктору, кошоктору, куюлуштуруп айткан макал-лакаптары менен сиңдирген залкар эне.

Экинчиси, мени тууп-өстүргөн, тарбиялаган кадырман апам Гүлжамал эжекей! Үй-бүлөнүн кутун сактап, күйөөнүн кадырын ордуна коюп, аруулук менен тазалыктын үлгүсүн көрсөткөн улуу аял. Барга-жокко мунканбаган, кызмат кылгандан талбаган, эч кимге бейчеки таарынбаган мээрман эне.

Үчүнчүсү, жакамды агартып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, менин калыптануума себеп болгон жароокер зат Гүлнур айым. Хадижа энекебиздин ордун Пайгамбарыбыз үчүн эч ким толтура албагандай эле, Гүлнур айымдын ордун, макамын, даражасын эч ким толтура албайт, ага тең келе албайт. Ага болгон урматым, сүйүүм ордунда, чексиз.

Урматтуу эл! Ушак айтуу, жалгандан маалымат таратуу, үй-бүлөлөрду ажыратууга аракеттерди кылуу, ички иштерге кийлигишүү, гыйбат сүйлөө арам иш. Ким ушул нерселер менен алектенсе акыры жакшылыкка алып барбайт. Балдары кайрымсыз чыгып, жакшылыгын көрсөтпөйт.

Акырында айтаарым: мени колдогон бардык бир туугандарга ыраазылык билдиремин. Кудай Таалам эч качан жамандык көрсөтпөсүн. Жакшыга шерик, жамандан алыс кылсын.

Сүйлөгөн сөздөрүбүздө, кыймыл-аракет, туткан иштерибизде Пайгамбарыбыз алайхис саламдын сүннөтүнө ылайык жашоону насип этсин.

Айткан кептерибиз, аткарган иштерибиз жеке адамдардын, же болгон окуялардын эмес, идеялардын тегерегинде берекелүү болуусун жалгыз Жараткандан тилеп,,,

Бир тууганыңар Чубак ажы...

Ассалааму алейкум ва рохматулоохи ва баракаатуху"-деди Чубак ажы.

Эскерте кетсек, бир аптадан бери Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алды делген маалымат талкууга түшүп, коомчулуктун эки ача пикир жараткан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!