Москвада камалгандардын 13ү кайтарылат

7-Дек. 2017, Бейшемби, 12:50

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Сахаров чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекемесиндеги мекендештердин жашоо шарты жана абалдары менен таанышты.

Учурда бул жайда 44 кыргызстандыктар бар. Алардын 13ү, эртең Бишкекке кайтарылат. Көпчүлүк кармалгандар юридикалык кеп-кеңештерге муктаж. Маселени жеринен чечип, тиешелүү деңгээлде жардам берүү максатында Акыйкатчы Кубат Оторбаев Орусиянын адам укуктары боюнча өкүлчүлүгүнүн мигранттар менен иштешүү бөлүм башчысы Сергей Бурлик, сот өкүлү Сергей Хренов жана убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси Иван Глиновду чакырып болгон суроолорго жооп алып берүүгө шарт түзүп берди.

Чогулгандар эмгек мигранттарынын укугун коргоо үчүн, Акыйкатчынын өкүлчүлүгүн ачып берүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Бүгүнкү күнү, Орусиянын аймагында 615 000ге жакын эмгек мигранттары бар. Алардын 300 миңи Москва шаарында турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!