​Гепатитти аныктаган аппаратка түшүү арзандайт

7-Дек. 2017, Бейшемби, 12:14

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, оорукана гепатит дартын аныктаган диагностикалык аппарат сатып алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ПЦР-аппаратынын баасы 4 млн. 200 сомго бааланган.

"Аны орнотуу иштери 2018-жылдын январь айына пландалган. Жаңы аппаратка түшүүнүн баасы жеке менчик лабораторияларга салыштырмалуу арзан баада болмокчу",-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!