Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө окуулар өттү

15-Дек. 2017, Жума, 15:54

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча
адистер үчүн окуу семинарлары өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мэриянын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан 14-15-декабрда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмөрүндө эмгектенген мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча милдеттер жүктөлгөн адистер үчүн кесипкөйлүктү жогорулатуу боюнча “Лингвистикалык экспертизанын негиздери” аттуу окуу семинарлары
өткөрүлдү.

Бул окуу семинарлар КРнын Президентинин 2014-жылдын
2-июнундагы ПЖ №119 Жарлыгын, КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114 жана 2016-жылдын 15-ноябрындагы №581
токтомдорун аткаруу жана адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында
уюштурулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!