"Манас" аэропорту убактылуу ишин токтотту

22-Дек. 2017, Жума, 10:41

Бүгүн, 22-январь таң эртеден бери эл аралык "Манас" аба майданына учактар коюу тумандан улам коно албай жаткандыгына байланыштуу ишин токтотту.

Аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова билдиргендей, аба майдандагы учуучу жана конуучу тилкелерде 100 метр аралыктан алысты көрүүгө мүмкүн болбой жатат.

Учуп келген каттамдар коно албай Ош шаары, Алматы жана Астана шаарларындагы кошумча аэродормдорго конушкан.

Коно албай жаткан "Аэрофлот", "Fly Dubai", "Урал аба жолдору" жана "Эйр Манас" авиакомпаниясынын өкүлдөрү жүргүнүчүлөр менен иш алып жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!