8-класстын окуучусу наристени сүзүп өлтүрдү

20-Дек. 2017, Шаршемби, 14:08

Ошто 8-класстын окуучусу башкарып бара жаткан унаа,бир жарым жашар кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 19-декабрь күнү саат 14:00дө Араван районундагы Маңгыт айылында болгон. Анда 2004-жылы туулган бала атасынын “Опель Вектра” үлгүсүндөгү унаасын үйүнүн короосунан сыртка чыгарып жатып, көчөдө ойноп турган коңшусунун 1,5 жашар кызын байкабастан тебелетип алган. Кыз алган жаракатынан улам оор абалда райондук ооруканага жеткирилген. Бирок бүгүн эртең менен кыз чарчап калган.

Учурда унаа айып аянтчасына токтотулуп, бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!