Түркияда сабалган кыз мекенине келди

20-Дек. 2017, Шаршемби, 14:20

Түрк полиция кызматкерлери сабаган Кыргызстандын жараны Ранохан Арипова Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин жардамы менен мекенине кайтып келди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Ушул жылдын 4-ноябрда Анталиянын аймагында эки полиция кызматкери жерде жаткан кыздын сабап жатканы тууралуу видео социалдык тармактарга тараган. Кордук көргөн кыз кыргызстандык аял экени, психикалык жактан жабыр тартып жүргөнү маалым болгон.

Түрк полициясы тарабынан иш териштирилип, иш сотко өткөн.

Учурда Стамбулдагы башкы консулдук кызга кол көтөргөн полиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу боюнча иш алып барууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!