Аламүдүнгө түшкөн айдоочу каза болду

20-Дек. 2017, Шаршемби, 15:43

Аламүдүн районунда жеңил унаа суусуна түшүп кеттип, натыйжада бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн аталган райондогу Кой-Таш айылынын Жаннат ден-соолукту чыңдоо борборунун тушунда "Фольксваген-Жетта" үлгүсүндөгү жеңил унаа Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Натыйжада 41 жаштагы айдоочу каза болгон.

"Окуя болгон жерге ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, каза болгон айдоочунун сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен",- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!