​Эки кабаттуу турак үй толугу менен күйүп кетти

11-Янв. 2018, Бейшемби, 11:16

Чүйдө турак жай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, 9-январь күнү саат 20:18 чамасында Сокулук районундагы Прогресс дачасында 60 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу турак үй толугу менен күйүп кеткен.

“Өрттү өчүрүүгө №23 өрт-куткаруу бөлүмү таптылып,өрт саат 23:44 толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!