​Караколдо массалык мушташ чыкты (видео)

11-Янв. 2018, Бейшемби, 16:48

Каракол шаарындагы массалык мушташтын себеби аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов zaman.kgге билдирди.

Анын айтымына караганда, 5-январь күнү Каракол шаарынын Фучик-Карасаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ижарага тоо-лыжасын берген дүкөндүн жанында массалык мушташ чыккан.

“Каракол шаарындагы ижарага лыжа берген жайлардын биринин кожоюндары менен тааныш адамдардын ортосунда пикир келишпестиктен мушташ чыккан экен. Тактап айтканда, ушул эле шаардын тургундары ижарага лыжа алып, эки күндөн кийин бир лыжанын эки таякчасын сындырып алган экен. Анан ижарага лыжа берген жайдын кожоюндары таякчаны төлөгүлө, 2 миң сом штраф дегенде, анан алар ижарага алуучулар менен пикирлери келишпей калып ортодо мушташ чыккан экен. Бирок, эки тарап ошондо эле элдешип, ижарага алуучулар да 2 миң сом айып төлөп беришиптир”,- дейт Усубакунов.

“Ошондой эле бул окуя боюнча эч кандай арыз жазуу болгон жок”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым маалымат булактарында жергиликтүү тургундар менен туристтердин ортосунда массалык мушташ орун алдыгы жөнүндө маалымат чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!