Кызды жерге көтөрүп чапкан жигит аныкталды

12-Янв. 2018, Жума, 16:43

Жаш кызды бети менен жерге чапкан жигит табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Талас шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу сейил бакчасында болгондугу аныкталган. Анда алар ойноп жатышкан. Кыз эч кандай жаракат алган эмес, ошондой эле, жигитке карата кыздын дооматы жок. Ал эми Талас ШИИБнин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы алдын алуу иштерин жүргүзүшүп, коомдук жайларда мындай көрүнүштөгү укук бузууларга барбоону түшүндүрүшкөн.

“Жаш жигит жергиликтүү тургун болуп чыккан. Ал жакында 18 жашка толот. Ал эми кыз 2002-жылы туулган. Алар орто билим берүү окуу жайында чогуу окушат жана видеону группалашы тарткан. Бул окуя боюнча милицияга видеодогу каармандардын жана аны тарткан баланын ата-энелери чакырылып, административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 65-беренесинин негизинде административдик протокол толтурулду. Ошондой эле топтолгон материалдар жаш өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясына дагы жөнөтүлдү. Ал эми коомдук кызуу талкуу жараткан бала жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын профилактикалык учетуна тургузулду,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, жакында эле социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан видео тараган. Анда белгисиз жигит кызды атандаашындай көрүп, күрөшүү ыкмасын колдонуу менен жерге көтөрүп чапкан. Соцтармактардын колдонуучулары бул видео тууралуу терс пикирлерин билдиришип, кызга карата күрөшүү ыкмасын колдонгон баланын бул кылык-жоругу туура эместигин жана бул окуядан кийин кыз жаракат алышы мүмкүн деген пикирлерин жазышкан. Коомчулук тарабынан "бул кайда болгон? кыз жаракат алган жокпу? бул бейбаштыкпы же ийгиликсиз тамашабы?" деген бир катар суроолор дагы жаралган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!