Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факультетинде окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер факультеттин имаратынын алдындагы аянтта “Индия Республикасынын күнү” майрамын белгилешти. Иш-чарада индиялык студенттер өздөрүнүн улуттук желегин көтөрүшүп, мамлекеттик гимнин ырдашты. Улуттук ыр-бийлерин аткарышып, иш-чарага катышып жаткандарга жылуу маанай тартуулашты.
Бул салтанатты университеттеги чет өлкөдөн келген студенттер боюнча жооптуу адис Кишан Бхандари уюштурган. Анын айтымында, турмуштун чоң жолуна аттанып, Жалал-Абадга билим алганы алыстан келген жаштар ата мекендик майрамын унутпастан, өз мекенин сүйүшөөрүн көрсөтүштү.
Эскерте кетсек, 1949-жылы 26-январда Индиянын түзүүчүлөрүнүн жыйынында өлкөнүн конституциясы кабыл алынган. Ал 1950-жылы күчүнө кирген. Ал эми 1930-жылы ушул күнү Индия өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул күн жыл сайын өлкөдө майрамдалып келет.
Майрамдык иш-чарага медицина факультетинин деканы Максуда Жуманалиева баш болгон окутуучулар тобу жана миңден ашуун студенттер күбө болушту.