Индия менен Пакистандын 72 жылдык чыры: Кашмир

Индия менен Пакистандын 72 жылдык чыры: Кашмир
7-Март 2019, Бейшемби, 17:41

Эки өлкө ушул аймактын айынан үч ирет согушту.

Кашмир көйгөйү Индия менен Пакистандын 1947-жылы Англиядан көз карандысыздыгын алгандан бери эки коңшу ортосунда башкы чыңалууга себеп болду. Эки мамлекет бул аймактын айынан 3 ирет согушту.

Кашмир кайда?

Индия, Пакистан жана Кытай чек араларындагы тоолуу аймак. Аталышын Гималайлардын этектериндеги Кашмир өрөөнүндө жайгашкан. Аймакты үч мамлекет бөлүшкөн. Сринагар жана Жамму шаарларын ичине камтыган түштүк бөлүгү Индиянын Жамму Кашмир аймагын түзөт. Пакистандын көзөмөлүндөгү түндүк бөлүгү Азади Кашмир деген аталышта белгилүү. Чыгышта калк аз болгон тоолуу бөлүгү Кытайдын көзөмөлүндө.

Эки өлкө ортосундагы согуштар

Индия жарым аралы 1947-жылы Пакистан жана Индия болуп экиге бөлүнүп, элинин көбү мусулман болгон Кашмир Эмирлигине тиешелүү аймакты Пакистан талап кылды. Бирок Кашмир Эмирлиги Индияга байланышууну каалаганы үчүн коңшу мамлекетте бул аймак талаштуу болду. Андан улам 1948-жылы Пакистан жана Индиянын ортосунда согуш чыкты. Согушта Пакистан аймактын чакан бөлүгүн колго алса, ири бөлүгү Индиянын көзөмөлүндө калды. БУУнун киришүүсү менен ок атышуу токтоду. 1965-жылы чыккан жана эки тарап тең көп жоготууга учураган экинчи согуш Кашмир көйгөйүн чече алган жок. Жаңжалдар АКШ жана Советтер союзунун ортомчулугу менен аяктады. Кийинки согуш 1999-жылы эки тараптын чек араларды бузуу боюнча айыптоолорунан улам чыкты.

Кандайча бөлүнгөн?

1972-жылы БУУнун көзөмөлүндө тараптардын колдорунда болгон аймактардын арасына “көзөмөл чеги” аталышындагы ок атышуну токтотуу сызыгы чийилди. Эки мамалекеттин армиялары бул чекте сансыз жолу чыңалуу болду. Анда санда жаңжалдар чыкты. 2003-жылы кол коюлган тынчтык келишими болсо бул чыңалууну өткөн жылдарга салыштырмалуу азайтууга жетишти.

Кытайдын курчоосу

Кашмирдин чыгышын түзгөн жана Аксай Кытай катары белгилүү тоолуу аймакты 1962-жылы Кытай ээлеген. Калкы аз аймак азыр деле аталган мамлекеттин көзөмөлүндө.

Көтөрүлүштөр

Индиянын Кашмиринде жашаган мусулмандардын бир бөлүгү көп ирет Жаңы Делинин бийлигине каршы көтөрүлүштөргө чыгып турду. 1989-жылдан башталган көтөрүлүштөрдүн катышуучуларынын айрымдары Кашмирдин көз карандысыздыгын, айрымдары Пакистанга кароосун талап кылды.

Козголоңдорду аскердик күчтөр менен баскан Индия бийлиги Пакистанды жикчилдерди чагымга жана аймакка куралдуу козголоңчуларды жиберүүгө айыптап келет. Айыптоолорду жокко чыгарган Пакистан бийлиги Кашмир элине болгону саясий колдоо көрсөткөнүн айтып актанат.

Калкынын түзүлүшү

Индиянын Жамму Кашмир аймагынын 10 миллион, Пакистанга тиешелүү Азади (Эркин) Кешмирде 3 миллиондой калк бар. Эки аймакты жалпы эске алынганда мусулмандар калкын 70 пайызын түзгөнү болжолдонууда. Калганын будисттер түзөт. Пакистан БУУнун карамагында референдум өткөрүлүшүн, Кашмир аймагын кайсы мамлекетке бөлүү чечиминин анын жыйынтыгына карата чыгарылышын талап кылат. Ал эми Индия референдумга каршы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду