Бек Борбиев Москвага сапар алды

9-Фев. 2018, Жума, 17:29

КРнын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев жана Ильяз Абдразаков, Аваз Акимов Москвага сапар алышты.

Ырчылар бүгүн Россияда иштеген мекендештерге өздөрүнүн жеке чыгармачылык концертин тартуулашмакчы.

Тагыраагы 9-11-февралга чейин Москва шаарынын “Фрунзе” аттуу кафесинде чоң программадагы шоу концертин тартуулашмакчы.

Кошумчалай кетсек, жакында эле Бек Борбиев өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу экс депутат Өмүрбек Бабановду колдой турганын жар салып, коомчулуктун талкуусуна түшкөн эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!