​Быйылкы жылдагы ажылар кандай кийинишет?

22-Фев. 2018, Бейшемби, 17:53

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2018-жылдагы ажыларга кийим тигүүчү тараптар ортосунда конкурс өттү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Конкурска ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын мүчөлөрү катышып, ажыларга тигилүүчү кийимдер менен дыкат таанышып чыгышып, кездеменин сапатына, кийимдин ыңгайлуулугуна, коопсуздук эрежелеринин сакталышына көңүл бурушту.

Жалпысынан конкурска 9 талапкер ат салышып, өздөрү даярдап келген ажылардын формасы менен тааныштырышты.

Ал эми ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын мүчөлөрү баасынын төп келгендиги, ажылардын кийимдеринин сапаттуулугун, дизайндык өзгөчөлүктөрүн жана коопсуздук эрежелерин эске алып, «Эсма Кей Джи» тигүү ишканасын жетекчиси Таалайбекова Мээримди жана жеке ишкер Акматбаева Динараны жеңүүчү деп табылды.

«Эсма Кей Джи» тигүү ишканасын жетекчиси Таалайбекова Мээримге ажылык сапарга баруучу аялдардын кийимдерин тигүүнү тапшырса, ал эми эркектердин кийимин тигүү милдети Акматбаева Динарага жүктөлдү.


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!