Исаков Ош облусуна жумушчу сапар менен барды

17-Март 2018, Ишемби, 14:09

Бүгүн, 17-мартта премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусуна жасаган сапарынын алкагында Өкмөт башчы 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун Боспиек айылында орун алган Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышат. Ошондой эле Премьер-министр Аксы районунун Кербен шаарындагы Үй бүлөлүк медицина борборунун клиникалык-биохимиялык лабораториясынын иши менен таанышат.

Ош облусунда Сапар Исаков «Ош» эл аралык аэропортунун жаңы терминалынын ачылыш салтанатына катышып, Араван районунун Нурабад айыл округундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөйт.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Ош шаардык Токтогул атындагы парктын аймагында өтүүчү ишембиликке катышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!