Азербайжандын борбору Баку шаарында Ислам тилектештигинин IV оюндарына старт алды. 11-майда кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш башталып, Кыргызстан менен Азербайджандын ортосунда таймаш өттү.
Мелдештин алгачкы турунда үй ээлери болгон азербайджандык спортчулар 3:0 эсебинде жеңип алышты. Ал эми Тажикстан менен Түркиянын спортчуларынын беттешинде түрк волейболчулары дагы 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.
13-майда Кыргызстан менен Тажикстан курама командаларынын арасында оюн болот. 14-майда Азербайджан менен Түркия беттешет.